АКШда учак каттамдары төрт саатка токтоп турду

АКШнын Жарандык авиациясынын федералдык башкармалыгы тарабынан 13-ноябрда аэропорттордогу учак каттамдарына учууга салынган тыюу алынып салынды. Буга чейин учак каттамдары өлкө боюнча «өзгөчө кырдаалга жана коопсуздукка байланыштуу» төрт саат токтоп турган. Бул тууралуу CNN билдирди.  

Буга чейин АКШнын жарандык авиациясынын федералдык башкармалыгы өлкө боюнча учак каттамдарына тыюу салган. Учак каттамдарына учууга тыюу салуу төрт саатка созулуп, АКШга жана АКШдан чыгуучу 6 миң учак каттамы токтотулган.  

Өзгөчө кырдаалдан бир жарым миллиондой жүргүнчү жабыр тартты. Бул рейси токтотулган гана жарандарга тиешелүү, ал эми рейси кармалгандар эсепке алынбаганда.  

Эмне себептен учак каттамдары токтотулгандыгы азырынча белгисиз. Кандайдыр бир себептер менен роутерлер иштебей, телекоммуникациялык үзгүлтүккө алып келген. АКШнын ички коопсуздук министри Марквейн Маллин бул үзгүлтүктө “атайын чабуул” белгилери жок экенин билдирген. Ички коопсуздук министри учак каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы 13-ноябрдагы Microsoft үзгүлтүгүнө да байланыштуу эмес экенин кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты