Имамидин Ташов: Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүнү кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарып жиберишти  

Ишкер Имамидин Ташов Фейсбук колдонуучу Асыран Айдаралиевдин баракчасы аркылуу замандаштарга жүрүп жаткан каралоолор боюнча жооп узатты.

-Акыркы 3-4 күндөн бери менин жана менин компанияма  каралоолор, куру дооматтар тагылып жатат. Ушул боюнча токтоло кетсем. Биринчиден, менден талап кылынган 100 млн сом бул чындык, бир күн келет, бул чындык дагы чыгат. Эгер бул жалган болгондо мени түрмөдөн чыгармак эмес. Экинчиден, Тилекмат Куренов менен болго баарлашуу, сүйлөшүүнү кырккылап, кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарганга да үлгүрүштү,-деди Имамидин Ташов.

Ал Тилекмат Куренов менен сүйлөшкөнү чын экенин да баса белгиледи.   

Ошондой эле Имамидин Ташов компания алган милдеттенмелерин, эгер тоскооолдук болбосо, аткара турганын айтты:

-Экинчиден, компаниядан “дольщиктерди” (“үлүшү барларды» ред.) арыз жаздыртып, ар кандай деңгээлде менин үстүмөн иш токуп жатышкандай. Бул балким, менин компанияма кол салып жатканыдыр балким, компаниямды тартып алуу процессидир. Муну да көрө жатарбыз “Дольщиктер” менен декабрь айында байма-бай жолугуп, мөөнөт берилген, буюрса компаниядагы жооптуу адамдар ошол берилген мөөнөт ичинде ар ким өз жумушун аткарат деген үмүтүм чоң,-деди Ташов.

Ошондой эле ишкер Имамидин Ташов “таза болсоң, чыкпайсыңбы”, “кусчу заманың келди” деген сөздөргө да жооп узатты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөө жарыялаган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын айткан.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 батирге жана бир коммерциялык жайга 52,4 млн сом суммасында муниципалдык менчикке кацтаруунун натыйдасында 2023-жылдын 8-декабрында Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Имамидин Ташовго алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын 10-январда билдирди.

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

УКМК активист Тилекмат Кудайберген уулуна кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады.

Сүрөттө: Имамидин Ташов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты