Ишкер Имамидин Ташов УКМК кызматкерибиз дегендер аны уурдап, 100 миллион сом доолашканын билдирди   

  • 4 месяца мурун

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын билдирди.

Ал 2021-жылы президенттик шайлоого катышканын, бирок Жапаровдун колдоочуларынын урматына саясаттын этикасын сактап күткөнүн, бирок чектен ашканын кошумчалады.

-2023-жылдын 27-декабрында кечке маал УКМК кызматкерлерибиз деп чакырып, машинага кыйнап салышып, каршылык көрсөткөнүмө карабастан бандиттерче уурдашып, 8 күн кармап, камап, белгисиз жерде, үйдөгүлөрүмө, жакындарыма, иш алып барып жаткан компанияма кабар бердиртпей кармап жатышты. Албетте, бул жөн эмес. Өзүңүздөргө бергилүү болгондой, флешмоб, тууну алмашууга каршы акциялар жүрүп, тынчтык митингдер пландалып жатты. Каршы пикир жараткандарды камоолор менен коштолуп жатты. Мен да пикиримди айтсам, салымымды кошсом деген нерсени кылдыртпай, мени уурдап кармап жатышты. Тууну алмаштырууга да, өзгөчөлүк киргизгенге да каршымын,- деди ал.

Бул тууну керемет, тарыхый адамдар, залкарлар Казат Акматов, Төлөгөн Касымбеков, Апсамат Масалиев, Төлөгөн Касымбеков, Болот Шамшиев ж.б. кабыл алган тууну алмаштырууга каршы экенин айтты. Ошондой эле аны коркутушуп, 100 млн сом доолашканын билдирди.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.   

KG Group компаниясынын ээси Имамидин Ташов 15-ноябрга чейин камакка алынган. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты