УКМК Ташовдун «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Имамидин Ташовго алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын 10-январда билдирди.

Бул иштер анын KG Group курулуш компаниясындагы мыйзам бузууларга байланыштуу.

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге «бийликти басып алууну пландаган» деп шек саналууда.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын айткан.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 батирге жана бир коммерциялык жайга 52,4 млн сом суммасында муниципалдык менчикке кацтаруунун натыйдасында 2023-жылдын 8-декабрында Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Сүрөттө: Имамидин Ташов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты