УКМК Тилекмат Кудайберген уулуна да издөө жарыялады

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) активист Тилекмат Кудайберген уулуна кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады.

Ушундай эле берене менен ишкер Имамидин Ташовго да кылмыш иши козголду.

Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге «бийликти басып алууну пландаган» деп шек саналууда. УКМК бул үчүн жетиштүү далилдер бар деп ырастоодо.

9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери аны сегиз күн белгисиз жерде күч менен кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. Камчыбек Ташиев жана УКМК муну четке какты 

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени беймаалым..»Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен 2021-жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.
Бийликти сындап келген активист 2022-жылы октябрда Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал Нарындагы Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты