Ишкер Имамидин Ташовго издөө жарыяланганы маалым болду

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 10-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ишкер Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын билдирди.

Депутат Мейкинбек Абдалиев парламент жыйынына катышып жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ишкер Имадидин Ташовдун Фейсбук баракча аркылуу кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берүүнү суранды.

УКМК төрагагы Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовдун Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуусу менен тааныш экендигин, Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын билдирди.

Ал буга чейин Ташов негиздеген “KG групп” компаниясы Бишкекке салган үйдүн жашоочулары имараттын документи бүтпөй, кызыл китеп ала албай жатышканын айтып УКМКга кайрылышканын, мунун негизинде Ташов камакка алынып, 52 миллион сом төлөп бергенин билдирди:

“Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда «100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады» деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”.

Ташиев бул кайрылуусунан кийин Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын, ал баары бир кармалып, “төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн” жоопко тартыларын билдирди.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын айткан.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.   

KG Group компаниясынын ээси Имамидин Ташов 15-ноябрга чейин камакка алынган. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Сүрөттө: Имамидин Ташов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты