KG Group компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөө жарыялаган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат.

Бул тууралуу 12-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, Бишкекте KG Group ишканасы курган 9 объект бар. Анын ичинен үч көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген. Калган үйлөрдүн документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына элек. Бирок аларда адамдар жашап жатат.

Азыркы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. KG Group компаниясынын лицензиясын кароого мажбур болуп жатканыбызды ачык эле айтып коёюн”, — деди Нурдан Орунтаев.

Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, KG Group курулуш компаниясы 2012-жылы түзүлгөн.

Бул ишканадан үй алган бир нече адам 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулуп, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Компаниядан үй сатып алган көп кабаттуу турак жайдын жашоочулары каражатты толук төлөп бергени менен ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга элек экенин айтышкан.

10-январда УКМК KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени белгисиз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты