Европа Биримдигинин өкүлү “Азаттык” сайтынын бөгөттөлүшү, жапырт камоолор боюнча кайрылуу жасады
- 7 months мурун
Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмордун «Азаттык Үналгысынын» сайтынын убактылуу бөгөттөлүшү жана жарандардын кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады.
«Кыргызстанда акыркы кездеги кармоолор, анын ичинде активисттердин, блогерлердин жана оор физикалык абалдагы адамдардын камакка алынышы, ошондой эле «Азаттык Үналгысы» маалымат каражатынын убактылуу жабылышы мени абдан тынчсыздандырууда. Кыргызстандын бийлиги фундаменталдык эркиндиктер жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин урматтоосу керек» деп айтыла кайрылууда.
#Kyrgyzstan: I am greatly concerned by the recent detentions, including of activists, bloggers and persons in serious medical condition, and by the temporary closure of the @Azattyk_Radiosu media outlet.KYG authorities must respect their int'l obligations on fundamental freedoms.
— Eamon Gilmore (@EamonGilmore) October 27, 2022
26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» айтылат.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар 48 саатка кармалды.
Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.