Тилектештик акциясы: 28-октябрда Кыргызстандын ЖМКлары жаңылык берүүнү токтотот

  • 1 год мурун

Кыргызстандагы эркин медиаларга карата болуп көрбөгөндөй кысымдын күчөшүнө байланыштуу 28-октябрда ЖМКларга жасалып жаткан кысымга  каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык кампания башталат.

28-октябрда Blackout Day жарыяланып, медиалардын баары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт. Бул аралыкта жаңылыктын ордуна кара фондо “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыгып турат.

Ошону менен катар эле редакциялардын баары бир күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгаруудан баш тартышат.

КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтынын ишин бөгөттөө боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Кыргызстандын медиакоомчулугу бийликти сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата кысымды  жана  журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана башка өз пикирин эркин айткан жарандарга  карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырат.  

Биз бардык кесиптештерди бул акцияга кошулууга чакырабыз, себеби, бул бөгөт коюу эртең ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды. Министрлик “Азаттыктын” материалдарынын биринде 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда “чындыкка жатпаган , Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген” маалымат жарыяланган деп эсептеди. 

Маданият министрлиги “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөдө негиз кылып алган фейктер (“Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо” тууралуу мыйзамды медиакоомчулук өтө катаал деп эсептейт. Себеби бул мыйзам өтө кенен, бүдөмүк туюндурмаларды жана адилетсиз ченемдерди камтыйт. Бирок, мыйзамда бүдөмүк, өзүм билемдик менен чечмелөөгө шарт түзгөн туюндурмалары болсо да, маданият министрлиги “Азаттыктын” сайтын жабуу тууралуу чечими менен жада калса ушул мыйзамды да бузду.

Ал эми соттун чечими жок, өзүм билемдик менен ЖМКга бөгөт коюу бул ачыктан ачык цензура, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тыюу салынган. Ошондой эле КР Конституциясынын 63-беренесинин 63-бөлүгү сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салат.

Биз “Азаттыктын” сайтын жабуу бул мыйзамды кабыл алуунун чыныгы максатын далилдеп турат деп эсептейбиз. Бул мыйзам бийликтин аракеттерине көз салып турган жана жарандарга бул бийликтин кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берген ЖМКларга каршы административдик цензура орнотуу максатында кабыл алынган.

Биз сөз эркиндигине жана басма сөз эркиндигине болуп жаткан жапырт жана буга чейин болуп көрбөгөндөй басымды токтотууга, журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырабыз!

Адамдарды, айрыкча аялдарды, энелерди камоо токтотулушу керек! Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алууну талап кылабыз!

Сөз жана ЖМК эркиндигин чектөө боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерин токтотууну талап кылабыз. Ошондой эле соттун чечими болбой туруп ЖМКларды жабууга мүмкүндүк берген өтө катаал мыйзамдын күчүн жоготуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөгө чакырабыз!

Себеби мамлекет башчы Садыр Жапаров тынбай айтып жаткандай, Кыргызстан сөз жана демократия принциптерин сыйлаган эркин өлкө болуп саналат.

Түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн, ЖМКга карата болуп көрбөгөндөй жана мыйзамсыз кысым тууралуу материалдарды жарыялоо үчүн өз аянтчаларыңыздарды максималдуу пайдаланууңуздарды суранабыз. Бул кампанияга Кыргызстандын алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулары, инвлюенсерлери жана медиа уюмдары кошулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты