Интернет аймагында порнографиялык материалдарды камтыган сайттын ишин токтотуу жана чектөө тартиби бекитилди

  • 3 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуу жана чектөө тартиби бекитилди.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Документ «Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

«Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө» мыйзамы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди жол берилгис контенттен коргоо, ошондой эле интернет тармагында коомдук адеп-ахлакты сактоо максатында кабыл алынган.

Бул тартип Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайтты аныктоо жана анын ишин токтотуу механизмин аныктайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты