Кыргызстан Европа Биримдигинин авиация жаатындагы “кара тизмесинен” чыгуунун акыркы этабына келди   

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстан авиация жаатында эл аралык деңгээлде да ишенимдүү кадамдарды таштап жатат. Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этапка келди.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда “Нарын” жана “Казарман” аэропортторун ачуу учурунда билдирди.

-Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот.  Ошентип 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Биздин аэропортторубуз Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык туруп, эми кайрадан ачылат” деди президент.

Европа Биримдиги2006-жылы Кыргызстандын авиакомпанияларына учактардын коопсуздукту сактоо талаптары эл аралык стандартка дал келбейт деген негизде өз аймагында учушуна тыюу салган. 

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты