Россияда 1-апрелден баштап Telegram бөгөттөлөрү айтылууда  

  • 2 месяца мурун

Россияда 1-апрелден баштап Telegram бөгөттөлөрү айтылууда. Бул тууралуу РБК  жана The Bell басылмалары жеке булактарынын билдирүүсү боюнча жазды.

Baza басылмасынын билдирүүсү боюнча, Телеграм Россиянын бардык аймагында бөгөттөлөт. Ал эми РБК аскер тутумдарында аталган мессенжер кала берээри тууралуу жазылды.  

1-апрелге чейин дагы убакыт бар экенин, балким Телеграмды бөгөттөө чечими өзгөрүп кетээри тууралуу да сөз болууда.

Телеграмды бөгөттөө себеби катары акыркы убактарда, айрыкча, жаш балдар арасында мыйзамга каршы аракеттерге азгыруу арбып баратканы менен байланыштырылууда.   

Буга чейин Telegram”дын негиздөөчүсү Павел Дуров терроризмге шыкак берүү боюнча (Россиянын кылмыш кодексинин 205.1 беренеси, 1.1 бөлүгү) текшерилип жаткан. Ал эми Дуров өзү Россияда ага терроризм боюнча иш козголгонун билдирген.  

Иллюстрациялык сүрөт: Lam Yik / Bloomberg /Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты