Евробиримдик Кыргызстандагы чек ара аймагында жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө

  • 1 год мурун

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кагылышууга байланыштуу суммасы 210 миң евродон ашуун гуманитардык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ММК менен байланыштар жана маалымат кызматы билдирди.

Жардам Кыргызстандын Баткен облусундагы жапа чеккен тургундарды колдоого багытталат.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 63 кыргызстандык набыт болду.  200гө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: ЕБ Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты