Депутат Бекешев мыйзамда мамлекеттик туунун эскизи берилбей калганын белгиледи   

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев илинген жаңы туу тууралуу Фейсбук баракчасында пикирин айтып, туунун эскизи берилбей калганын белгиледи.

-“Ала-Тоо” аянтында жаңы желек көтөрүлдү, ал мыйзамда бекитилген желекке окшош деп айтылууда. Мейли, ар кандай алешемдик болуп кетти, туура эмес желекти көргөндөр жазага тартылат деп да жиберишти. Кантсе да туу расмий көтөрүлдү. Мунун баары жогорку жактын тапшырмасын илгиртпей аткарып жиберебиз дегенден чыккандыр. Туура эмес желек Жаңы жыл алдында, ал тургай мыйзам кабыл алганга чейин эле даярдалып калган болуш керек деп боолголойм.

Бирок бул окуя ушуну менен аягына чыгабы? Аягына чыкпайт окшойт. Парламент кабыл алган желек дал ушул деп ким айта алат? Бул жөнөкөй суроого ишенимдүү жооп табуу жеңил эмес. “Эркин Тоо” гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы ченемдик актылар тууралуу жарыяланган жагын карап көрсөңөр, “Мамлекеттик символдор тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамынын  өзү менен таанышып көрсөңөр. Анда туунун тексттик түшүндүрмөсү бар, бирок тиркемеси- туунун  эскизи жок. Ал эми “Ченемдик-укуктук актылар”  мыйзамынын 12-беренесинде тиркеме жана мыйзам бирдей юридикалык күчкө ээ деп турат. Мыйзам толук жарыяланбаган болуп калабы? Туунун түп нускасы күчүнө кирген болобу?  

Бир канча убакыттан кийин желектин түп нускасын издеп калбайбызбы?

Желек желек менен, бирок тапшырманы жана мыйзамды аткаруу башкаруу секторунун көбүнүн компетенттүүлүгүнүн чоң көрсөткүчү болуп саналат, -деп жазды депутат Бекешев. (Орусчадан котормосу-редакцияныкы).    

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган туу илингенин билдирди.

Бул тууралуу ал 8-январда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты. 1-январда илинген ал тууну ким даярдаганын, кимдин чечими менен илингенин айткан жок.

“Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Эми өңү, узуну кандай даярдалышы керек өзүнүн жобосу менен накта желегибиз жаңырды” деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Бүгүн, 8-январда, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында флагштокко илинген туу кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган. Бирок Жогорку Кеңеш кабыл алган туунун кайра илиниши боюнча Дайырбек Орунбеков жооп бере элек.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.

Мамлекеттик тууну алмаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты