Бишкекте «Ала-Тоо» аянтында жаңы туу илингени белгилүү болду

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 1-январь, 2024-жылы Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын жаңы желеги көтөрүлдү. 

Президент Садыр Жапаров 22-декабрда өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон. Андан соң, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган. 

Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты