Мамкатчы Касмамбетов “Ала-Тоо”аянтына биринчи макулдашылбаган туу илингенин билдирди

  • 4 месяца мурун

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган туу илингенин билдирди.

Бул тууралуу ал 8-январда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты. 1-январда илинген ал тууну ким даярдаганын, кимдин чечими менен илингенин айткан жок.

“Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Эми өңү, узуну кандай даярдалышы керек өзүнүн жобосу менен накта желегибиз жаңырды” деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Бүгүн, 8-январда, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында флагштокко илинген туу кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган. Бирок Жогорку Кеңеш кабыл алган туунун кайра илиниши боюнча Дайырбек Орунбеков жооп бере элек.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.

Мамлекеттик тууну алмаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

Сүрөттө: 1-январда «Ала-Тоо» аянтында илинген туу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты