«Ала-Тоо» аянтындагы туу кайра дагы алмаштырылды

Бүгүн, 8-январда, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында флагштокко илинген туу кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди.Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.

Аянттагы тууну алмаштыруу иш-чарасы саат 9да болду. Ага Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаров жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.

Мамлекеттик тууну алмаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты