Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөөдө. Абал туруктуу     

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 29-январы  саат 10.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

УКМКнын чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болгон. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонгонун Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Буга чейин 11 аскер адамы жаракат алгандыгы. айтылган. Учурда жаракат алгандардын саны 13кө жеткенин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты