Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда 13 киши жаракат алды

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Кыргызстандан 13 киши жаракат алды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыр тарткандар Баткендеги бириккен облустук ооруканага жаткырылды. Жабыр тарткандардын абалы орто оордукта. Алар дарыланып жатат.   

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болгон. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонгонун Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Буга чейин 11 аскер адамы жаракат алгандыгы. айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты