Кыргыз-тажик чек арасы: Эки тараптын жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектөөдө.

Делегациянын курамына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УКМКнын чек ара кызматынын директору жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди. Тажик тараптан Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун төрагасы, Чек ара аскер кызматынын башчысы жана УКМКнын төрагасынын орун басары жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Тараптардын делегациясынын курамына Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери да кирди.

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

1. Биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну;

  1. Чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну;
  2. Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарылышын;
  3. Бардык тосулган жолдорду, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну;
  4. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу жана жер жаңжалдарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чек ара аймагында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууну.

Тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин тездетүүнү чечишти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кечээ, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 11 аскер адамы жаракат алган.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Баткен облусу боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланганы кабарланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты