Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан миномет, гранатомет колдонууда

  • 2 года мурун

27-январга саат 20:30га карата УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турат.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө тастыкталгандай,  Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жергесиндеги жол Тажик жарандары тарабынан бир тараптуу жабылган. 27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен.   

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Сүрөт: Видеодон.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты