Баткен: Чек арада жараат алган он адам ооруканада

  • 2 года мурун

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 27-январда болгон куралдуу кагылышта жараат алган 10 бейтап азыркы учурда облустук ооруканада жатат. Алардын баары аскер кызматкерлери.

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган жалпы кыргыз аскерлеринин саны 11ге жетти. Абалдары орто оордукта. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Чек ара кызматынын бүгүн саат 8:00гө карата берген маалыматы боюнча Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу.

Жетөө оорукананын травматология бөлүмүндө, үчөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Баары тең майда сынык тийип, жараат алгандар. Алардын абалы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин жараат алгандар жетөө экенин маалымдап, алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышканын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду тосуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты