Төрт-Көчөдөгү жолду Тажикстан тарап тосуп салды

  • 2 года мурун

 

Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Күл жергесиндеги жолду Тажикстан бир тараптуу тосуп салды.  

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.  

27-январда саат 18:30га карата чек арадагы абал чыңалып турганы кабарланды.

Ал жакта жаңжалдын алдын-алуу үчүн УКМКнын чек ара кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров жерине жөнөп кетти.   

Чек ара тилкесиндеги чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

“Чек ара кызматы абалга көз салып турат” деп билдирди алар.  

Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен — Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты