БШК Муртазалиевди депутат катары таануу боюнча соттун чечимине каршы даттануу стадиясында турганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 31-майда, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдурахманхаджи Муртазалиевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты катары таануу боюнча соттун чечимдеринин үстүнөн арыздануу стадиясында турганын билдирди.

2024-жылдын 20-майында БШКга  Свердлов районунун сот аткаруучулары 16-майдагы сот чечимин 10 жумушчу күндөн ичинде аткаруу боюнча талап келип түшкөн.    

Бишкек шаарынын административдик соту үч ай мурда Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарган.

Буга чейин Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.  Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге 2022-жылы 27-февралда шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 2022-жылы 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

 № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна, жекшембиге дайындалды. Бул тууралуу президент 16-майда жарлык чыгарды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты