БШК ЖКнын депутаттыгына талапкер Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округу боюнча биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды. Мындай чечимди БШК 9-марттагы отурумунда кабыл алды.

Маалыматка ылайык, буга талапкердин добуш сатып алуу фактысы себеп болгон.

Боршайкомдун жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлери добуш сатып алуу фактысы менен кармалган жарандардын талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев менен байланышы бар экенин билдиришти.

Чечим ыкчам чара көрүү координациялык тобуна түшкөн билдирүүлөр жана талапкер Шайлообек Атазовдун арызынын негизинде чыкты.

Абдурахманхажи Муртазалиев үч күндүн ичинде БШКнын чечимин сотко берсе болот. Ал жыйында добуш сатып алган деген маалыматтарды четке кагып, аны «атайын уюштурулган чагым» деп атады. Сотко кайрыла турганын айтты.

БШК 10-мартта аталган округдан 3-орунду алган талапкер Алмаз Аскар уулунун талапкер Шайлообек Атазовго каршы жазган арызын карайт.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты