Бишкектеги Свердлов шайлоо округу: Депутаттыкка эки талапкер арыз берди

  • 2 месяца мурун

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин эки талапкер билдирди.

БШКнын маалыматында  Алмаз уулу Аскар, убактылуу иштебейт жана Таалайбек Усубалиев, Бишкек шаар кеңешинин депутаты арыз бергендиги маалымдалды.     

Бишкектеги Свердлов шайлоо округу: Депутаттыкка эки талапкер арыз берди

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Мындан эки ай мурда Бишкек шаарынын административдик соту Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарды. Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Баш сүрөттө: Талапкер Таалайбек Усубалиев. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты