Баткен: Талкаланган, бүлүнгөн үй-жайлар, имараттар, мүлктөр (Сүрөттөр)
- 2 года мурун
- Фоторепортаж
Тажикстандын агрессиясынан кийинки Баткен облусунун бүгүнкү көрүнүшү кандай? Аны бул сүрөттөрдөн көрө аласыздар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматы боюнча, Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 131 159 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4412 жаран эвакуациялык пунктарда, 5590 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады.
Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.