Баткен облусунда сел жүрдү

  • 2 месяца мурун

20-июнда Баткен облусунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен облустук башкармалыгы билдирди.   

Алдын ала маалымат боюнча,  20-июнда саат 15:45тер чамасында тоолорго жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон сел түшүп, Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде 19 турак үйдү суу каптады.

Сел жүргөн жерге ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан 4 куткаруучу, мотопомпа, Баткен району жана шаары боюнча ӨКБдөн 24, үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 18 куткаруучу, жалпы 70 куткаруучу, 5 мотопомпа, 2 техника тартылды.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ак-Сай айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда аймакта сел кесепеттерин жоюу иштери дээрлик аяктоодо. Жол каттамдары ачык.

Баткен облусунда сел жүрдү
Баткен облусунда сел жүрдү
Баткен облусунда сел жүрдү

Сүрөттөр: Баткен облустук ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты