Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен киши табыла элек
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 23-сентябрда Баткен районунун Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен кишини издөө иштерине Баткен шаары боюнча жалпы 18 адам, 2 дрон тартылды.
22-сентябрда 20 жаран жана 1 дрон тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
10-августта Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кулп жайлоосунда 1978-жылы туулган Б.Д. аттуу эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.
Сүрөт: ӨКМ Баткен башкармалыгы
Муну бөлүшүү




