Баткенде бир катар алдамчылык фактысына шектүү кармалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Баткен шаарынын жана Баткен районунун бир нече тургуну милицияга 2025–2026-жылдар аралыгында 43 жаштагы Ж.Б. Европа мамлекеттерине жөнөтүп, жумушка орноштурам деп, ар кыл өлчөмдөгү акча каражаттарын алып, изин жашырып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылышкан.
Аталган фактылар боюнча арыздар Баткен шаарынын ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматтардын электрондук журналына катталып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасында арыздаруучуларга жалпысынан 900 миң сомго жакын чыгым келтирилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун 43 жаштагы Ж.Б. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: Баткен ШИИБ
Муну бөлүшүү




