УКМК: Баткендеги баңги топтун лидери кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткендеги баңги топтун лидери, шектүү, КР жараны Т.Д.С.ны кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган жаран 2015-жылдан бери жашырынып жүргөн жана Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан багыты аркылуу жана андан ары КМШ өлкөлөрүнө баңги заттарды аткезчилик жол менен ташуунун жана сатуу каналын уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө улантылууда. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер улантылууда.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




