Баткендеги Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Баткен облусундагы түстүү тоолору менен белгилүү Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди.
Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Мадыген тоолору — Кыргызстандын түштүк-батышындагы, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган.
Мадыген — Кыргызстандын байыркы жаратылыш тарыхын изилдөөгө чоң мүмкүнчүлүк берген уникалдуу “табигый музей”.






Сүрөттөр: www.mnr.gov.kg




