Баткен облусундагы кырдаал: Президент кеңешме өткөрдү

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл жардам көрсөтүү, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөтт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты