“Мамлекеттик кызматтарга алууда “өкүл балам, жээним… жана башка” деген болбошу керек”
- 2 месяца мурун
Мамлекеттик кызматтарга алууда “өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим жана башка” деген болбошу керек”. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, республикадык кеңешмедеги баяндамасында билдирди.
-Мына ушул жерден мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине да кое турган талабым бар. Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда “өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим жана башка” деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз учурлар, жагымсыз жагдайлар, адилетсиз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай тиешелүү жазаңарды аласыңар, -деди президент.
Ошондой эле аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы чабал болуп жатканын айтты:
-Ошону менен бирге, жогорку борбордук аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жер-жерлерде чабал жүрүп жатканын да белгилей кетейин. Мунун так себептерин өз учурунда аныктап, тиешелүү чара көрүлбөсө, бүгүнкү күндө жетишилген өнүгүү темпи кайрадан басаңдайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан, облустардагы өкүлчүлүктөр райондук жетекчилер жана айыл өкмөттөрү менен ыкчам, тыгыз кызматташууну колго алыңыздар.
Биз башкаруунун ачык-айкын, натыйжалуу жаңы системасын курушубуз керек. Ар ким өз милдетин так аткарган жерде башаламандыкка, коррупцияга же бюрократиялык кысымга жол берилбейт. Ушундай тартип менен гана биз бардык максаттарды ишке ашырып, мамлекетке болгон ишенимди бекемдей алабыз жана Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн камсыздайбыз,-деп билдирди Садыр Жапаров.
Бүгүн, 27-февралда, республикалык кеңешме өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө МинКаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасады.
Сүрөт: president.kg




