Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдуктун долбоору талкууланды
- 2 месяца мурун
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү. Анжа кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган маселелер, анын ичинде кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында аталган эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.
Кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду.
Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




