Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 4-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинде тармактын учурдагы маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Анда айтылгандай, жыйында медициналык кызматынын сапатын жогорулатууга, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишине жана калкты дары-дармек менен камсыздоого байланыштуу маселелер, ошондой эле тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо боюнча чаралар каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты