Президент Жапаров: Элге шылтоо эмес, адилеттүү чечим керек
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешме өткөрдү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Президент Ош жана Нарын облустарына болгон иш сапарларын, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын кайрылууларын укканын эске салды.
“Алардын 80-90 пайызы борбордон эмес, жеринде эле чечиле турган маселелер болуп чыкты. Ичүүчү суу, ирригация, ички жолдор, жер маселелери, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кызматтар, социалдык инфратүзүм жана башка жергиликтүү деңгээлде чечиле турган башка көйгөйлөр дээрлик бардык райондордо айтылды. Чындыгында бул маселелердин көбү бүгүн эле пайда боло калган жок. Бирок айлап-жылдап, айрым учурларда ондогон жылдар бою чечилбей келет” деп белгиледи Жапаров.
Садыр Жапаров көйгөйлөрдүн негизги себептеринин бири – мамлекеттик башкаруудагы функциялардын туура бөлүштүрүлбөй калгандыгында же талаптагыдай аткарылбагандыгында болуп жатканын айтты.
Мындан ары облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоодо түздөн-түз аралашат. Башкача айтканда, мындай дайындоолор алардын макулдугу менен ишке ашат.
Ошондой эле негиздүү сунуш берилген учурларда облус жетекчиси, район акими облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан бошотууга макулдук берет. Мындай укук республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине да берилет.
Ал эми райондун акимдери министрликтер менен административдик ведомстволордун, алардын ведомстволук түзүмдөрүнүн райондук башкармалык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук беришет.
“Мындан ары облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер жана мэрлер өз аймагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат” деп өзгөчө белгиледи мамлекет башчы.
Мындан тышкары министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү өз тармактык жетекчилерине гана эмес, тиешелүү аймактын башчысына дагы иштин жыйынтыгы боюнча отчет берип турууга милдеттендирилет.
“Облуста, райондо ар ким өз-өзүнчө иштеген учур бүттү. Бардык мамлекеттик органдар бир команда болуп иштеши керек. Эл “кайсы орган жооп берет?” деп көрүнгөн эшикти каккылап жүрбөшү зарыл” деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы эң негизгиси, элди түйшөлткөн маселелер жеринде өз убагында чечилгендей болушу кажет экенине токтолду.
Президент бюрократизм, отписка же кагып-силкүү деген эски түшүнүктөрдөн алыс болууга чакырды.
Бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, жыл аягына чейин аралык жыйынтыктарды чыгаруу жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн ушундай кеңейтилген кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.
Сүрөт: president.kg




