УКМК: Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери арасында коррупциялык көрүнүштөр өсүүдө
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин саламаттык сактоо тармагында 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызматкер кармалып, 291,9 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланышы бар 25 кызматкер кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар жооптуу төрт кызматкер кызматтан кеткен.
Бул тууралуу 20-январда УКМК саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик медициналык мекемелердин облустук жана райондук деңгээлдеги бардык жетекчилеринин катышуусу менен өткөргөн координациялык кеңешмеде айтылганын УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
«Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда» деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү эскертилди:
1) коррупциялык кылмыш менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат;
2) коррупциялык кылмыштар үчүн айып төлөө менен кутулуу эч мүмкүн эмес;
3) оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайы мамлекеттик кызматка алуудан баш тартылат;
4) жаран коррупциялык кылмыштарга күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөйт.