Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 27-февралда, «Ынтымак ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.

Жыйындын жүрүшүндө МинКаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты