Баткен: Качып баратканда ок тийген жети бала ооруканада

  • 2 года мурун

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттыкка” оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова билдирди. Анын айтымында, алардын баарына ок тийген.

«Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу — 15те. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген”.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жаракат алгандардын саны 185 кишиге жетти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Cүрөттө:  Эне жана баланы коргоо борбору. Баткенде жараат алган наристе. 2022-жылдын 20-сентябры.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты