ИИМ: Алдамчылар жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен ар кандай эсептерди ачууда

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого чакырды.

«Өлкө үчүн оор мезгилде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430 ашык үй, мектеп, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө
аргасыз болду.   Тилекке каршы  мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы болууда» деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге социалдык тармактарда пост жазып, каза болгон жоокердин сүрөтүн коюп, реквизиттерди жазып жатышканын кошумчалады.

«Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.
Акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер  расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт».

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  200 гө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты