Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунун айынан жаракат алгандар 185ке жетти

  • 2 года мурун

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунун кесепетинен жаракат алгандардын саны 185 кишиге жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги 20-сентябрь, саат 8деги маалымат боюнча билдирди.

Алардын ичинен 21 киши амбулатордук дарыланууга жиберилди. Ооруканада 164 жабырлануучу дарыланууда. 104 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо мекмелеринде дарыланып жатат.  

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты