Алымкадыр Бейшеналиев УКМК убактылуу жайына камалды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) убактылуу камак жайына 2-июлга чейин камалды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарды .

Алымкадыр Бейшеналиев мындай чечим менен макул эместигин билдирди.  

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана  Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Cаламаттык сактоо министри убактылуу кызматынан четтетилгендигине байланыштуу министрдин орун басары Жаркынбек Касымбековго саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты