Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

  • 2 года мурун

Cаламаттык сактоо министри убактылуу кызматынан четтетилгендигине байланыштуу министрдин орун басары Жаркынбек Касымбековго саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Бул тууралуу жарлыкка Президент  Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 4-июнда, Президенттин нускамасы боюнча саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана  Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты