Саламаттык сактоо министринин орун басарлары дайындалды
- 3 года мурун
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков дайындалды.
Бул тууралуу чечимге премьер-министр Акылбек Жапаров кол койду.
Президенттин жарлыгы менен Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бүгүн, 4-июнда, Президенттин нускамасы боюнча саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.
Сүрөт: ИНтернет булактарынан.
Муну бөлүшүү