Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди  

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев убактылуу кызматынан четтетилди. Мындай тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып» саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан убактылуу четтетүү нускамада белгиленди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты