Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголду (Видео)

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши -кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү боюнча.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Кечээ, 2-июнда, башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

Башкы прокуратура тараткан сүрөт жана видео.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты