Саламаттык сактоо министринин орун басарлары кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана  Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Акылбек Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Аты аталган үч орун басар басма сөз жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиевди сындап чыгышкан.

Ал эми министр Бейшеналиев орун басарларын кызматтан алуу маселесин койгон.

Министр «ПолитКлиника» медиасына мындай деп билдирген:

Биринчиден, орун басарларым өзүнүн милдетин аткара алышкан жок. Чогулушта “иштей албасаңар кеткиле!” деп эле айтчумун. Мисалы, бейтапкана каякта экенин, жүрөк каякта экенин билбесе, анан кантип ал медицина иштери боюнча орун басар болот? Иштей албаган үчүн мен башкаларга тапшырма берчүмүн. Жапаркул Ташиев болсо, өзү журналист. Журналист болгондон кийин өзүнүн кесиби менен иштеш керек да. Мен ага сексопатолог деп ат коюп койгом” дейт министр Бейшеналиев. 

Бүгүн, 4-июнда, Президенттин нускамасы боюнча саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты