Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) убактылуу камак жайына 2-июлга чейин камалган.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана  Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Cаламаттык сактоо министри убактылуу кызматынан четтетилгендигине байланыштуу министрдин орун басары Жаркынбек Касымбековго саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Сүрөт: 24kg

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты