Экс-депутат Куванычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кувнаычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.  

Бишкектин Ленин райондук соту 12-марттагы чечими менен экс-депутат Куванычбек Конгантиевди эки айга камакка алды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакта кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 10-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге кылмыш ишин козгогон.

Конгантиев аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.

Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты